Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.06.2019 14:58

Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт: Балчынын жубайы — К.Манаеванын кызыктары

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Түп районунун Талды-Суу айылынын 55 жаштагы тургуну Кымбат Манаева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин 1986-жылы аяктаган.

«25 жашымда Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Сагынбек Ирсалиевге турмушка чыктым. Биз туугандарыбыз аркылуу таанышып, дароо эле бири-бирибизди жактырдык. Бир аздан кийин баш коштук.

Жолдошум фермер, бал челекчи жана агроном. Кесиптик окуу жайды аяктаган. Ал балдарыма мээрман ата, мыкты жолдош жана эмгекчил адам», - дейт ал.

К.Манаева жаңы келин болуп келгендеги эсте калган окуясын айтып берди.

«Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт дегендей, мен жаңы келин болуп келгенде кайненем конок чакырып, манты жасамай болдук. Бирок мантынын асты касканга жабышып, үстү өзүнчө бөлүнүп, абдан ыңгайсыз болдум. Жолдошум азыркыга чейин «апаңар капкагы бар манты жасайт» деп тамашалап калат.

Жайында жолдошум экөөбүз чөп үйчүбүз. Бир жолу мен үймөктүн үстүнө чыгып алып, чөп үйө берип, ал абдан бийик болуп кеткендиктен түшө албай калгам. Жолдошум болсо тепкич коюп бербей, бир топ убакытка чейин чөптүн үстүндө отурганым эсимде», - дейт ал.

Жубайлар 30 жыл бирге түтүн булатып, учурда неберелүү дагы болушкан.

«Үйлөнгөнүбүзгө 30 жыл болду. Айрым жаштар өтө эле эрте үйлөнүп, турмуштун түйшүгүн көтөрө албай, ажырашып жатышат. Кээ бири ата-энеси менен чогуу жашаганды каалабайт. Эң негизгиси үй-бүлөдө ынтымак болуп, жубайлар бири-бирин колдоп турушу керек.

Айылда бош убакыт деле болбойт, чарбактагы иштер менен алектенебиз. Бал челек кармап, бал өндүрөбүз. Кышкысын мал-жандык багабыз.

Жолдошум экөөбүз дөөлөттүү карылыкка жетсек дейбиз», - дейт 6 кыздын жана эки неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×