Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.06.2019 14:08

Тоңдун Эшперов айылына 2,7 миллион сомго жаңы унаа алынды

Turmush -  Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн Эшперов айылына таштанды чыгаруучу «Донг Фенг» үлгүсүндөгү унаа алынды.

Маалым болгондой, унаа таштандыларды иргеп чыгаруу үчүн жана «Үч чака» долбоорун ишке ашыруу үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 2,7 миллион сомго алынды.

«Донг Фенг» үлгүсүндөгү унаа 2019-жылы чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×