Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.06.2019 13:37 На русском

Өзүнө өрт койгон Н.Абдышевге операция жасалды. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун Жылуу-Булак айылында өзүнө өрт койгон Нурлан Абдышевге операция жасалды. Бул тууралуу анын иниси Мирлан Абдраев маалымдады.

Анын айтымында, агасына 31-май күнү операция жасалган.

«Операция 35 мүнөткө созулду. Ага дагы 2 операция жасалары күтүлүүдө», - дейт ал.

Мирлан Абдраев бул окуядан бери бир ай убакыт өтсө дагы тийиштүү адистер тарабынан чара көрүлбөй жатканына нааразы экенин билдирди.

Ал айыл аймак башчысы жана 3 тургун жардам көрсөтүүгө убада беришкенин айтты.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Буга чейин Жылуу-Булак айылынын 40 жаштагы тургуну Нурлан Абдышев өзүнө өрт коюп, оор абалда ооруканага түшкөндүгү маалымдалган болчу. Ал эми 10-майда бейтапты атайын реанимациялык-мобилдүү унаада жана дарыгерлердин коштоосунда №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына которушкан.

Андан кийин Нурлан Абдышевдин окуясы боюнча анын жакындары, айыл тургундары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришкен. Толугу менен бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×