Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.06.2019 09:39

Түптө «Биз планетарийдин балдарыбыз» аттуу достук фестивалы өттү

Turmush -  Түп районундагы маданият үйүндө райондогу бала бакчанын тарбиялануучулары «Биз планетарийдин балдарыбыз» аттуу достук фестивалын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кудуругу айылынан келген «Ананай» бала бакчасынын тарбиялануучулары Индияда жашаган элдин, Тогуз-Булактын «Бөбөк» бала бакчасы Мексиканын, «Алтын балалык» Кореянын, Талды-Суунун «Керемет» бала бакчасы Кыргызстандын, Жылуу-Булактын «Аянуру» бала бакчасы Ирландиянын, Күрмөнтүнүн «Баэли» Россиянын, Түптүн «Бакыт» бала бакчасы Грузиянын, «Жеткинчек» бала бакчасы Түркиянын, Көөчү айылынын «Керемет» бала бакчасынын тарбиялануучулары Өзбекстандын элинин маданият көрсөтүштү.

Ар бир бала бакча өздөрүнүн улуттук кийимдерин, каада-салттарын, үрп-адаттарын, тамактарын көрсөтүп, улуттук жомокторун сахналаштырып, улуттук бийлери менен ырларын тартуулашты.

«Достук фестивалында планетарийдеги жашаган балдардын максаты достук, ынтымак жана тынчтык экенин даңазалашты. Акырында калыстар тарабынан жыйынтык чыгарылып, биринчи орунду кыргыз элинин маданиятын көрсөткөн Талды-Суу айылынын «Керемет» бала бакчасы (жетекчиси Бактыгүл Бектурсунова) 80 упай менен жеңип алды.

Ал эми Тогуз-Булак айылынын «Бөбөк» бала бакчасы (жетекчиси Айнагүл Искакова) 79 упай менен 2-орунду, Түп айылындагы «Бакыт» бала бакчасы (жетекчиси Светлана Какурина) 78 упай менен 3-орунду ээлешип, райондук мамлекеттик администрация менен райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты», - деди Түп райондук администрациянын социалдык секторунун жетектөөчү адиси Тамара Оторбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×