Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.06.2019 15:45

Түптө Балдарды коргоо күнүндө марафон өткөрүлдү

Turmush -  Түп районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алгач Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Асакеев иш-чараны ачып, балдарды майрамы менен куттуктагандан кийин сөздү райондун акими Элчибек Жантаев алып, салтанаттын катышуучуларын куттуктап, майрамды улады.

Аким мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган Түп айылындагы «Балдар өмүр булагы» коомдук бирикмесине 2 миң сом, Михайловкадагы «Келечек Сары-Көл» борборуна 2 миң сом, «Мээрим булагы» балдар бакчасына 3 миң сом акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле, марафон өткөрүлүп, түшкөн каражат жогорудагы балдар бакчаларына бөлүштүрүлдү.

Жылдагыдай «Ак Дан» тегирмени 300 балага балмуздак таратты. Асфальтка балдар сүрөт тартышып, жеңүүчүлөрдү Түп айыл өкмөтү сыйлады. Балдар селкинчек тебишип, сахнага чыгып ырдап, бийлешти.

ӨКМдин Түп айылдык бөлүмү өзгөчө кырдаал болгондо балдардын иш аракетин текшерген викторина уюштуруп, мыкты тапкычтарга ардак грамота менен белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×