Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.06.2019 14:24

Тоң районундагы чабандарга кара тумоого каршы эмдөө жүргүзүлдү

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагында кара тумоого каршы эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, атайын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Төрт-Күл, Туура-Суу жана Темир-Канат айылдарына барып, жалпы 110 чабандын үй-бүлөсүнө эмдөө жүргүзүштү.

Мындан сырткары, аларга тазалыкты сактоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×