Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.05.2019 16:26

Каркыра жайлоосунда Ысык-Көлдүн 80 жылдык мааракеси белгиленет

каркыра
каркыра

Turmush -  Ушул жылдын 20-июнунда Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Түп районунун Каркыра жайлоосунда өткөрүлөт.

«1939-жылы Михаил Калининдин указы менен Ысык-Көл облусу болуп түзүлгөн экен. Буга байланыштуу быйыл облустун 80 жылдыгына карата бир топ иш-чаралар уюштурулат. 20-июнда Каркыра жайлоосунда өтө турган мааракенин алкагында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы, манасчы Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдык мааракелери дагы өткөрүлөт», - деди өкүлдүн орун басары Дамир Моңолдоров.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында малчылардын майрамы дагы болот.

«Советтер союзу маалында малчылардын слёту өткөрүлүп турчу, кийинчерээк бул майрам белгиленбей калган эле. Бирок акыркы эки жылдан бери бул иш-чара кайра жанданды. Эми малчылардын майрамы дагы облустун 80 жылдыгынын алкагында өтө турган болду. Анда асыл тукум малдын көргөзмөсү болуп, жайыт пайдалануу боюнча маселелер каралат жана малчылардын сунуштары эске алынат», - деди ал.

Мааракеге өкмөттүн расмий өкүлдөрү, депутаттар, Ысык-Көлдөн чыккан чыгаан инсандар жана акындар, манасчылар чакырылат. Мындан тышкары, коңшу өлкөлөрдөн да коноктордун келүүсү күтүлүүдө.

Көлдөгү 7 акенин образын аймактагы 5 район жана эки облустун маданият бөлүмдөрү сахналаштырып, элге тартуулашат. Бул өсүп келе жаткан муунга санжыраны унутта калтырбай өткөрүп берүү максатында уюшурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×