Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.05.2019 15:29

Ысык-Көлдө маданият кызматкерлери мекемелерди кыдырып, жарамазан айтышты

Turmush -  Орозо айы жарамазан айтуу жөрөлгөсү менен коштолгондуктан Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери аймактагы мекеме-ишканаларды кыдырып, жарамазан айтышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, анда маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жакшы каалоо-тилек айтуу менен бирге комуз, аккордеондун коштоосунда жамааттарга жагымдуу маанай тартуулашты.

Жарамазан мусулман календары менен Орозо айынын 2-жарымында ооз ачылган соң үймө-үй кыдырып ырдалуучу салттык ыр. Жарамазан айткандар үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан. Ага ден соолук, байлык-бакыт каалап, кармаган орозо кабыл болсун деген жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо жана бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×