Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.05.2019 10:33 Жаңыланды: 04.06.2019 22:46

Айыл турмушу: Ысык-Көлдүн тургуну сууга чөкпөс пирамиданын макетин жасады (сүрөт)

Владимир Литвиненко, село Кара-Ой
Владимир Литвиненко, село Кара-Ой
// Turmush

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 67 жаштагы тургуну Владимир Литвиненко сууда калкып туруучу пирамиданын макетин жасады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

В.Литвиненко билдиргендей, бир ирет анын түшүнө пирамида кирген.

«Түнкү саат 03:00дө ойгонуп, 15 барак чийме чийип алдым. Ошентип суунун үстүндө калкып туруучу каражаттын алгачкы чиймеси даяр болду, эми аны куруу иши гана калды.

Пирамиданын узундугу 11 метрди түзөт. Бул параметрлерде пирамида адамдын ден соолугуна жакшы таасир этет. Бул баарына белгилүү факт. 11 метр — бул төрт кабаттуу үйдүн бийиктиги. Аянттын кеңдиги 4 метр — ага столдорду коюуга болот. Пирамиданын ичиндеги пол айнектен жасалат. Андан көлдүн түбү көрүнөт. Экинчи кабатта уктоочу бөлмө болот. Кире беришинде камин, жакузи жана түштөнүп, эс ала турган жер бар. Ал жерде шахмат ойноп отурууга болот», - дейт Литвиненко.

Конструктор белгилегендей, пирамидада 4 желкен (парус) болот, аны скутерлер кыймылдатып турат.

«Титаникти» профессионал адистер курган жана ал эмне болгону белгилүү. Ал эми бул пирамида болсо сууга чөкпөс болуп саналат. Эгерде аны 100 метрлик цунами каптаса дагы ал оодарылып кетпейт. Эң кызыктуусу пирамида турган жыгачтын узундугу 20 метр, туурасы 4 метр жана бийиктиги 2,5 метрди түзөт», - деди ал.

Литвиненко Владимир Михайлович 1970-1974-жылдары Фрунзе шаарындагы «Кыргызавтомаш» заводунда моделчи болуп иштеген. 1976-1980-жылдары көркөм сүрөт студиясында сүрөтчү, 1982-1985-жылдары ширетүүчү, электр ширетүүчү болуп эмгектенген. 1985-1992-жылдары балчы, 1992-1997-жылдары сүрөтчү-дизайнер, жыгач уста болуп иштеген. 1997-жылдан баштап, азыркы убакка чейин ландшафттык дизайнер болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×