Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.05.2019 22:44 На русском

Классташтардын эс алуусу өлүм менен аяктады: Көлдөн окуучунун денесин алып чыгышты (сүрөт)

Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Turmush -  Куткаруучулар Каракол шаарында көлгө чөгүп кеткен окуучу баланын денесин табышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин Turmush басылмасы бүгүн, 29-май күнү саат 18:00 чамасында Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №15 өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнө көлгө чөгүп кеткен эркек киши тууралуу маалымат келип түшкөнүн жазган.

Окуя болгон жерге 5 кишиден турган куткаруу тобу барып, издөө иштерин башташкан.

Чөгүп кеткен бала 15 жаштагы окуучу болуп чыкты. Маалыматка караганда, окуя болгон жерге барган куткаруучулар анын денесин саат 19:50 чамасында 3 метр тереңдиктен табышкан.

Каза болгон А.Э. Каракол шаарынын 2004-жылы туулган тургуну болчу. Ата энеси менен бирге жашап, шаардагы мектептердин биринде окуп жаткан. Классташтары менен эс алып, көлгө түшкөнү келген. Ал бир жээктен экинчи жээкке сүзүп өтүүнү көздөп, бирок күчү жетпей, чөгүп кеткен (көл жээкте кичинекей аралчага окшогон жер болгон).

Маркумдун денесин тез жардамдын унаасы менен алып кетишкен. Окуя болгон жерде Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу иш алып барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×