Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 29.05.2019 15:40 Жаңыланды: 29.05.2019 18:07

Пенсионер болгондо дүйнөнү кыдырсам дейм, - кыялындагы кесипти аркалаган Г.Конокова

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 55 жаштагы тургуну Гүлкайыр Конокова 35 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1981-жылы мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы медициналык окуу жайга барып, 1984-жылы акушердик бөлүмдү аяктаган. Эмгек жолун Бөкөнбаев айылындагы борбордук оорукананын төрөт бөлүмүндө акушер болуп баштаган. Ал жерде 1994-жылга чейин иштеп, 1994-жылдан 2004-жылга чейин тез жардам бөлүмүндө башкы фельдшер болуп эмгектенди.

2004-жылдан 2014-жылга чейин оорукананын соматика бөлүмүндө улуу медайым, 2014-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алуу бөлүмүндө улуу медайым болуп иштеген. 2016-жылдан бери медициналык статист болуп эмгектенүүдө.

«Саламаттыкты сактоо тармагында жалпы 35 жылдан бери иштеп жатам. Кичинекей кезимде эле дарыгер болом дечүмүн. Бир жолу мен кичинекей кезде иним ооруп калып, ооруканага чогуу бардык. Ошондо дарыгерлерди көрүп, мен дагы ушул кесиптин ээси болсом деп кыялдангам. Менин балалык кыялым орундалып, учурда сүйүктүү кесибимди аркалап жатам», - дейт Гүлкайыр Конокова.

Ошондой эле ал иш учурунда болгон кызыктуу окуясын айтып берди.

«Бир жолу 10-класста окуган кичүү уулум жумушума келет. Мен башкы дарыгердин чогулушуна кеткем. Андан мурун фельдшерге практикага кыздар жана балдар келерин айткан элем. Мен чогулушта жүрсөм уулум халат кийип, фонендоскопту тагынып алып столдо отурса, фельдшер: «практикага келдиңби?» деп сураптыр. Уулам «ооба» деп коёт. Чакырыктар түшкөндө кесиптешим аны ээрчитип барып, «кан басымын өлчө» десе билбей коёт. Ал «силерди эмне кылып окутат?» деп сүйлөнүп алып келет. Жумушка келгенде мага: «практикага келген бала эч нерсе билбейт экен, жөн эле ата-энесинин акчасын коротуп жүрөт» десе, мен: «эже, практикага үйрөнүш үчүн келишет да, үйрөтө бериңиз» деп койгом. Бир аздан кийин практикант деген ушул бала деп ээрчитип келди, карасам уулум экен. Анан эжеге ал менин балам экенин айтсам кызыктай абалда болгон эле.

Жумуштан кийин неберем менен болом. Айылга барам. Учурда ден соолугума байланыштуу гимнастика менен машыгып жатам. Кийин пенсияга чыкканда дүйнө жүзүн кыдырсам дейм», - деди дарыгер.

Г.Конокованын 2 уулу, 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×