Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 29.05.2019 13:19

Тоңдо жайкы туристтик сезонго карата камылганын жүрүшү талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 29-майда Тоң райондук мамлекеттик администрациясында туристтик сезонго даярдык боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кеңешмеге райондун акими Данияр Арпачиев баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч структураларынын өкүлдөрү катышты.

Анын жүрүшүндө райондун аймагына эс алганы келген туристтердин коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана профилактикалык иштерди алып баруу боюнча маселелер талкууланды.

Анда Тоң РИИБдин 2019-жылдын 4 айында жасалган иштери боюнча маалымат берилди. Ошондой эле, айылдарда кызыл чектен чыгып курулган курулуштар, райондун аймагында калктуу конуштарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн 3 айлык тууралуу маалымат берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×