Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 29.05.2019 11:43

Тоңдо кары-картаң, майып адамдарга жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Тоң районунун айылдарында жашаган 60 карыяга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочуларга азык-түлүк берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мындай жардам «Тескей Жээк» туристтик дестинациясы тарабынан көрсөтүлдү.

«Колунда бар адамдарды соопчулук, кайрымдуулук иштерге үгүттөө максатында жардам бердик. Колубуздан келсе айылдагы кары-картаң, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон адамдарга тез-тезден жардам берип турууга үндөйт элек», - дешти демилгечилер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×