Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.05.2019 10:56

Ысык-Көлдө 20 жылдыктар каза болгон классташынын уулуна үй белек кылышты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү көз жумган классташынын өспүрүм уулуна үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Быйыл 8-классты аяктаган Сыймык учурда 67 жаштагы чоң энеси Каликан Мендегулова менен жашап, анын колунда тарбияланат. Анын ата-энеси ал жаңы төрөлгөндө эле ажырашып кетишкен.

«Мен өз убагында айылдын мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштегем. Кийин ден соолугума байланыштуу жумуштан чыкканга туура келди, анын үстүнө неберемди багышым керек болду. Сыймыкты эки айынан баштап багып жатам. Неберем 2-класста окуп жатканда уулум – Сыймыктын атасы жүрөк оорусунан улам каза болуп калды. Ошондон бери неберем экөөбүз күн көрүп келе жатабыз», - дейт К.Мендегулова.

Ал эки бөлмөлүү үйүнүн жанына өз күчү менен чакан үй тургузуп жаткан. Апанын аракетин көргөн уулунун классташтары быйыл 20 жылдык кече өткөрүүнүн ордуна Сыймыктын үйүн бүтүрүп берүүнү чечишкен.

«Сыймыктын атасы мектепти аяктаганына 20 жыл болуптур. Бирок тилекке каршы каза болуп калды. Атасынын жоктугун билгизбейли деп теңтуштары Сыймыктын үйүн бүтүрүп беришти. Ичи-тышын шыбап, жылытуу системасын киргизип, электр энергиясын кошуп, эки үйдү бириктирип беришти. Айыл эли кубанып турабыз, ушундай биримдиктүү жаштарыбыз көп болсун», - дейт Каликан апа.

Ал эми Сыймык келечекте дарыгер болууну кыялданат. Ал чоң энесинин дартын айыктырып, анын бактылуу карылыгын көргүсү келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×