Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.05.2019 08:43

Каракол шаарында бир нече уурулук кылмыштарга шектелген 38 жаштагы адам кармалды

Turmush -  Каракол шаарында уурулук кылмышка шектелип 38 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-майда Каракол ШИИБге шаар тургуну кайрылган. Ал 23-майда түндө белгисиз адам анын көчөдө токтоп турган «Мерседес Бенц» унаасынын айнегин талкалап, 5 миң сом акчасын жана унаасынын ачкычтарын алып кеткендигин билдирген. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Караколдун 38 жаштагы тургуну А.Руслан кармалды. Бул адам мурда да уурулук кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгон.

Ал аталган кылмыштан дагы башка 9 уурулук жасагандыгын мойнуна алып, далил буюмдар алынды. Ал кылмыштарды кечинде жасап жүргөн. Үйлөрдү кыдырып, адамдар азайганда ыңгайлуу унааны ачып, ичиндеги буюмдарды уурдап кетип жүргөн. Анын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар болушу ыктымал. Учурда кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×