Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.05.2019 13:10

Ж.Ишенбаев Жети-Өгүздүн Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 46 жаштагы Жаныбек Ишенбаев шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган кызматка 4 талапкер ат салышкан. Алардын бирөөсү талапкерлигин алып салып, 3 талапкер калган. Шайлоонун жыйынтыгында 14 добуш менен Жаныбек Ишенбаев жеңишке жетти. Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин 21 депутаты бар.

Буга чейин Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетовго «Ардактуу атуул» наамы тапшырылып, эс алууга узатылганы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×