Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.05.2019 13:25 Жаңыланды: 06.06.2019 23:25

Жеңеке: А.Бейшебаева декреттик өргүүгө чыккан сайын жаңы өнөр өздөштүрөт

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Каракол шаарынын 40 жаштагы тургуну Асел Бейшебаева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2001-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетин, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын каржы жана насыя бөлүмүн аяктаган. 2004-жылы турмушка чыккан.

«Болочок жолдошум Манаев Мухтар менен Ысык-Көлгө семинарга келгенде таанышкам. Кийин бири-бирибизди жактырып баштап, ортобузда сүйүү сезимдери ойгонду. Ошентип ал мени апасы менен тааныштырып, октябрь айында үйлөндүк. Экөөбүз 1 уул, 3 кыздын ата-энеси болдук», - дейт ал.

А.Бейшебаева жаңы келин болуп келгенде көп кызыктуу окуялар болгонун айтып, алардын бирине токтолду.

«Тойдон кийин бир жума өтүп, биз Бишкекке бардык. Таежебиз бизди отко киргизип чакырды. Биз барган күндүн эртеси кайненем менен таежем үйдөн чыгып кетишти. Алардын артынан жолдошум экөөбүз чыктык, мен жоолугумду салынбай эле «ким көрмөк эле» деп базарга жөнөдүк. Салт боюнча жаңы келген келин кайын журтунун көзүнчө башынан жоолугун түшүрбөшү керек да. Базарда жүрсөк бир кезде кайненем менен таежем келе жатыптыр. Мен артка бурулган бойдон качтым. Алар бизди байкабай калышты», - деди ал.

Анын айтымында, ал декреттик өргүүдө кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн.

«Ортончу кызым Каныкейди төрөп, үйдө отуруп калганда торт жана пирогдун түрүн жасаганды үйрөндүм. Кичүү кызым Хадиджа менен декретте экенимде ар кандай азем белектерди жасаганды үйрөндүм. Мисалы, гофре кагазы менен гүлдөрдү, жиптерден сумка, баштыктарды, куурчак-амигуруми жасаганды өздөштүрдүм. Ушул жыл күзүндө №11 мектепке жумушка чыгам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×