Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.05.2019 09:40 На русском

Балыкчынын 26 жаштагы жаңы мэри ишке киришти. Депутаттар эмне белек кылышты?

Turmush -  Балыкчы шаарынын жаңы шайланган мэри Марат Кудайбергенов эмгек жамаатка жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров жана шаардык кеңештин бир катар депутаттары катышты.

Шаардык кеңештин төрагасы Канат Сартбаев жана депутаттар: Турдакун Давлетов, Сайракан Мукамбетова, Гүлила Турганбаева куттуктоо сөздөрүн айтышып, мэрдин ишине ийгиликтерди каалашты.

Алгач мэрге расмий күбөлүк тапшырылып, жетекчилердин аксакалдары – «Кыргызтелеком» ААКтын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн башчысы Шакир Эламанов жана «Кыргыз почтасы» ишканасынын Балыкчы шаардык филиалынын башчысы Мухтар Жээналиев калпак кийгизип, тулпар саат белек кылышты.

Ал эми шаардык кеңештин депутаттары Турдакун Давлетов, Гүлила Турганбаева жолборс статуясын тартуулаган соң М.Кудайбергеновго иш бөлмөсүн көрсөтүштү. Андан кийин Мухтар Жээналиев ага батасын берди.

Мэр Марат Кудайбергенов өз сөзүндө ар кандай сын-пикирге даяр экенин айтып, мекемелердин жетекчилери менен биргелешип иш алып барарын белгиледи.

Ушул жылдын 14-майында Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо болуп, анын жыйынтыгы менен 26 жаштагы Марат Кудайбергенов эң көп добуш топтогон. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 22 эл өкүлү колдогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×