Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 20.05.2019 08:27

Балыкчыдагы тарыхый аймак таануу музейине жетекчи айым келди

Зарина Көрпөбаева
Зарина Көрпөбаева

Turmush -  Зарина Көрпөбаева Балыкчы шаардык тарыхый аймак таануу музейине жаңы жетекчи болуп келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ал 1999-2004-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 2004-жылдан 2018-жылга чейин Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген. 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын апрель айына чейин С.Касмамбетов атындагы борборлоштурулган китепканада иштеген.

Мектептен ар кандай иш-чараларга катышканын, былтыр «Өнөртай 2018» сынак-фестивалына окуучуларды даярдап, баш байгени жеңип алышканын кесиптештери билдирди.

З.Көрпөбаева үй-бүлөлүү, 4 баланын апасы.

Тарыхый аймак таануу музейи шаардын Ш.Кулакунов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Музей алты залдан турат. Ал алгач 1953-жылдан бери шаардык маданият үйү катары иштеп, 1998-жылдан тартып музей болуп ачылган.

Жаңы жетекчи З.Көрпөбаева учурда музейдин ичи-сыртына капиталдык оңдоо керектигин, чатырдан суу ага турганын айтты. Экспонаттар жетишпегендигин белгилеп, шаар жетекчилеринин жардамына муктаж болуп турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×