Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.05.2019 17:11

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Кытайдын ийгиликтүү айымдары жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 14-майда ийгиликтүү айымдардын жолугушуусу болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан уюштурулуп, ага Кытай Эл Республикасынан келген өкүлдөр катышты. Иш-чараны аким Д.Иманалиев ачып, чет элдик конокторго, Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышевага, жалпы айымдарга ийгилик каалады.

Иш-чаранын алкагында коомдук иштерге активдүү катышып, мамлекеттик кызматтарды аркалап жаткан айымдар тууралуу атайын докладдар окулуп, аялдардын коомдогу орду тууралуу маселе талкууланды. Ошондой эле кыргыздын чыгаан кыз-келиндери тууралуу чакан тасма көрсөтүлдү.

Жыйындын соңунда баатыр энелер, ийгиликтүү ишкер айымдар атайын төш белгилер жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле аким Д.Иманалиев чет элдик конокторго белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×