Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТоң району 15.05.2019 09:25

Тоңдун тургундары бир жума мурун оңдолгон жолдун абалына нааразы (видео)

Turmush -  Тоң районунун тургундары бир жума мурун оңдолгон ички жолдордун абалына нааразы, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургун Самат Кыдыкбековдун айтымында, райондун Дөң-Талаа жана Ала-Баш айылдарынын ортосундагы жолдун 6 чакырымына бир жума мурун шагыл төгүлүп, жол түздөлгөн.

«Эмнегедир жолдун жарымына шагыл төгүлүп, калган 2-3 чакырымдай жерине ак топурак төгүлгөн. Бул жерден «үнөмдөлгөн каражат кимдин чөнтөгүнө түштү?» деген суроо туулат. Эгер андай болбосо эмне үчүн жолдун аягына чейин шагыл төгүлгөн жок? Жамгыр жаагандан кийин унаа менен дагы жүргөнгө болбой калды. Бул иш боюнча бийлик өкүлдөрүнөн чара көрүүнү өтүнөбүз. Айыл тургундары жооп күтөт», - деди С.Кыдыкбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×