Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.05.2019 08:11

Жеңеке: Нуржан жеңе жолдошу менен 4 жыл сүйлөшкөнүн эч ким билген эмес (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун 28 жаштагы тургуну Нуржан Адылбекова жолдошу экөө 4 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушканын эч ким билген эмес. Аймактык кабарчы жаш жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кочкор районунун Молдо Кылыч айылынын кызы. Кесиби боюнча социалдык кызматкер. Жолдошу Элдар Калжикеев менен Бишкектен таанышкан.

«Жолдошум менен Бишкектен таанышкам. Ошол жакта чогуу иштечүбүз. Ал «КамАЗ» айдачу. Мен болсо ал иштеген мекемеде ашканада иштечүмүн. Башында байке деп жүрдүм, байке катары эле көрчүмүн. Ал «акча керек болсо сурап тур» деп айтып калчу. Экөөбүз 4 жыл сүйлөштүк, эч ким билген да, байкаган да жок. Жайында үйлөнөбүз деп сунуш кылган. Ата-энелерибиз сүйлөшүп, тойдун датасын белгилегенден кийин чакыруу кагазын таратканда достору, кесиптештери «ушунча жыл билгизбей сүйлөштүңөрбү?» деп таң калышкан. Жолдошум камкор, балдарына күйүмдүү ата», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кызыктуу окуяларды эскерди.

«Үлпөт тоюбузда ойноп жүргөнбүз. Караколдогу паркка барып, сүрөткө түшүп, жыргап жүргөм. Байкабай эле кумурсканын уюгуна туруп алыптырмын. Бир маалда кумурска каптап, көйнөгүмдү биз менен жүргөн досторубуз да тазалашып, аябай күлгөнбүз.

Келин болуп келгенде кошуналар үчүн той өткөрдүк. Аш бышыруу керек болуп, ага жооптуу эжени чакырса келбей калыптыр. Анан ашты мен баса баштадым. Жолдошум экөөбүз очоко барып, бири-бирибизден «кантип жасайбыз?» деп сурайбыз. Эптеп бышырдык, бирок даамдуу болгон. Ошондо биринчи жолу казанга көп өлчөмдө аш басканым эсимде.

Жолдошум эгиздин түгөйү. Түгөйү кыз. Андан кайра-кайра эле «бириң оорусаң экөөн тең ооруйсуңарбы?» деп сурай берчүмүн. Оорушпайт экен. Көрсө экөө эки башка тондо жатышыптыр. Бош убактымды балдарыма бөлөм. Келечекке максаттарым аябай көп. Аларды акырындан аткарууга аракет жасап жатам», - деди ал.

Нуржан айым 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×