Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 13.05.2019 16:31

Видео — Ысык-Көлдүн тургуну жергиликтүү жетекчилердин көзүнчө өзүнө өрт койду. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Түп районунун Жылуу-Булак айылында өзүнө өрт койгон Нурлан Абдышевдин окуясы боюнча анын жакындары, айыл тургундары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришти.

Нурлан Абдышевдин 80 жаштагы атасы Токтобай Абдышевдин айтымында, учурда уулу борбордогу ооруканада оор абалда жатат. Ал баласы акыйкат издеп, ушундай кадамга барганын жана бул маселе боюнча ал Жогорку сотко кайрыларын белгиледи.

Ал эми Нурлан Абдышевдин келинчеги Назгүл Эшимова окуя кандай болгонун айтты.

«6-май күнү саат 12:00 чамасында үйгө айыл өкмөт башчы, айыл башчы жана бир катар адамдар келип, жолдошумду чакырууну өтүнүштү. Нурлан айылдашыбыздын үйүн куруп иштеп жаткандыктан, ага телефон чалып чакырдым. Мен, комиссиянын өкүлдөрү болуп үйдүн жанында турганбыз. Ошол учурда ары жактан жолдошум: «Сейит (айыл аймактын башчысы), ошол жерди, үйүмдү, үй-бүлөмдү сен ал» деп кыйкырып, күйгөн абалда үйдү көздөй жүгүрдү. Мен жолдошумдун күйүп жатканын көрүп, эс-учумду жоготуп жыгылыптырмын», - дейт ал.

Ал эми Чоң-Таш айыл аймагынын башчысы Сейит Абдылдаев ошол күнү алар жер жана жол маселеси боюнча тактоо үчүн тийиштүү комиссия менен Нурлан Абдышевдин үйүнө барганын айтат.

«Бул маселе боюнча анын кабары бар болчу. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн эле. Нурлан Абдышевдин үйү кыркадагы жер тилкелерине баруучу жолду тосуп калгандыктан, бул маселе каралып жаткан», - дейт С.Абдылдаев.

Ал эми Нурлан Абдышевдин иниси Мирлан Абдышев 7-май күнү жер тилкесиндеги жол калтырылсын деген чечим чыгып, ал документти колуна алганын белгиледи.

«Учурда бир туугандар ооруканадагы агамды кезек менен карап, күн сайын 7 миң сомго дары-дармектерин алып жатабыз. Эгерде акыйкаттык болуп, жер маселеси убагында эле чечилип калганда агам мындай кадамга барбайт эле», - дейт жабырлануучунун иниси.

Маалым болгондой, Нурлан Абдышев буга чейин 2005-2006-жылдары Жылуу-Булак айылынын башчысы болуп эмгектенген. Анын 3 баласы бар, ал эми келинчеги кош бойлуу.

Буга чейин Жылуу-Булак айылынын 40 жаштагы тургуну Нурлан Абдышев өзүнө өрт коюп, оор абалда ооруканага түшкөндүгү маалымдалган болчу. Ал эми 10-майда бейтапты атайын реанимациялык-мобилдүү унаада жана дарыгерлердин коштоосунда №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына которушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×