Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.05.2019 13:58

Ысык-Көлдүн Бостери айылына 5,8 млн сомго грейдер алынды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылына 5 млн 800 миң сомго грейдер алынды. Бул тууралуу айыл округдун башчысы Алмаз Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын менчигине «GR-180» үлгүсүндөгү грейдер берилди.

«Грейдерди 5 млн 800 миң сомго лизингге 5 жылдык мөөнөткө алдык. Бул техника айыл округдун ички жолдорун жана жайытка бара турган жолдорду тейлейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×