Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.05.2019 20:13

Чолпон-Атанын тургуну М.Осмоналиев аскердик парадга тарыхый унаасын айдап чыкты

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын тургуну Мирлан Осмоналиев Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата өткөн аскердик парадга 1953-жылы чыккан «ГАЗ-67» унаасы менен чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, бул унааны ал 2009-жылы Бишкек шаарынан сатып алган.

«Унааны сатып алып, анан үч жыл оңдодум. Бардык тетиктери өзүнүкү, бул унаа 1943-жылдан 1953-жылга чейин согушка ылайыкталып чыгарылган экен. Мен буга чейин унаам менен Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө арналган иш-чарага катышчумун, быйыл Чолпон-Атадагы парадга катыштым. Антиквариат унаама кызыккандар арбын, айдап чыксам көбү таржымалын сурап калышат. Мындай унаадан Кыргызстан боюнча үчөө эле бар экенин билем», - деп билдириди тарыхый унаанын ээси Мирлан Осмоналиев.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×