Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.05.2019 17:30

Караколдо өткөн аскердик спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата студенттер арасында аскердик спартакиада болду, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ардагер Т.Маалаевдин айтымында, ага орто жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен куралган 7 команда катышты. Анда эстафета, гира көтөрүү, мылтык атуу, аркан тартуу сыяктуу оюндар боюнча мелдеш болду.

Жыйынтыгында И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин командасы 1-орунду, №14 кесиптик лицейдин командасы 2-орунду жана «Каскад-Гвардия» аскердик клубунун тарбиялануучулары 3-орунду ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×