Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТоң району 30.11.-0001 00:00 Жаңыланды: 11.05.2019 18:58

Тоңдогу рейдде көлдөн балыкка салынган 43 даана тор алынды

Turmush -  Тоң районунун аймагында браконьерликке каршы рейд өткөрүлүп, анын алкагында балыкка салынган торлор алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейдге Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун орун басары М.Исмаилов, егерлер — Ф.Югазиев, Т.Шабдалиев, С.Акжолов, А.Султанбеков, С.Такырбашев жана Т.Дүйшөбаевдер катышты.

Рейддин алкагында Кытай мамлекетинен өндүрүлгөн 43 даана ар кандай өлчөмдөгү түймө тору көл ичинен алынып, акттын негизинде Экотехинспекциянын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×