Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 11.05.2019 16:36

Түптө Жеңиш күнү алдында көз жарган энелерге белектер берилди

Turmush -  Түп районундагы төрөт үйүндө 8-май — Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Ай күнүндө төрөлгөн балдарга белектер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белектерди Кызыл Ай коомунун Түп райондук өкүлү Назгүл Кусеева 30 жаштагы Миң-Булак айылынын тургуну, 4-баласын төрөп жаткан Аида Айтмамбетова менен 33 жаштагы Кудургу айылынын тургуну, 4-баласын төрөп жаткан Асель Беримкуловага тапшырды. Ал жаңы төрөгөн энелерди куттуктап, төрөткө даярданып жаткан энелерге аман-эсен көз жарып алууну каалады.

«Жыл башынан бери 176 бала төрөлдү. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 40 балага көп. Кудайдын кулагы сүйүнсүн бүгүнкү күндө 20 эне 8-9-баласын төрөп, «Баатыр эне» наамдарын алганы турат. Өкмөт тараптан кам көрүү жакшырып бара жатабы, айтор 40 жаштан өткөн энелердин саны арбын болууда», - деди Түп райондук төрөт үйүнүн башчысы Назгүл Рысбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×