Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 11.05.2019 16:08

Улуу Жеңишке 74 жыл: Түп районунда согуштун 4 ардагери сыйланды

Turmush -  Түп районундагы Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы Талды-Суу айылында өткөрүлдү, - деди аким Э.Жантаев.

Адегенде парад жана «Өлбөс полк» жүрүшү болуп, айылдын борборунда орнотулган эстеликке келишип, гүлчамбарларды коюшту. Бул жерде куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болгондон кийин Түп районунун акими Элчибек Жантаев, райондун аскер комиссары Эрнист Сатыбалдиев, ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Марат Борбуков Жеңиш майрамынын 74 жылдыгынын катышуучуларын куттукташты.

Майрамдын экинчи бөлүгү мектептин стадионунда уланды. Боз үйлөр тигилип, атайын сахна орнотулган жерге, төргө ардагерлер орун алышкандан кийин КРнын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Р.Мусаев, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбеталиева жана башкалар куттуктоолорду айткандан кийин, белектер бериле баштады.

Түп районунун акими Э.Жантаев президенттин куттуктоосун окуп, акчалай сыйлыгын тапшырды. Ысык-Көл облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ж.Жээналиев, орун басары Ж.Шарапов экөө ардагерлерге «КРнын ардактуу ардагери» наамын төш белгиси менен бирге тапшырышты.

Райондун аскер комиссары Э.Сатыбалдиев КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана Мамлекеттик чек ара кызматынын согуштун ардагерлерине арналып берилген медалдарын тапшырды.

«Злата kg» фондусунун жетекчиси К.Куценко согуштун 4 ардагери менен ооруктун ардагерлерине баалуу белектерин тапшырды. Сахнадан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Николай Кухливскийге, Сабыр Жайнаковго, Кадырбай Абдыкалыковго белектер тапшырылса, ден соолугуна байланыштуу келе албай калган, кылым карыткан карыя Тенти Тамашаевдин үйүнө барып тапшырышты.

Район боюнча майрамга келгендерди куттукташып, «Нур» академиясынын жаш өнөрпоздору Ч.Айтматовдун согуш темасына арналган чыгармаларынан театрлаштырып тартуулашты. «Шайыр апалар» жана Талды-Суу айылдык аймагынын, Түп районунун маданият үйүнүн ыр ышкыбоздору согуш, эмгек, тынчтык темасына арналган ырларды аткарышты.

Өспүрүмдөр арасында бокс боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Аскер ашканасынан бышырылган аскер боткосу берилди. Акырында кылым карыткан карыя Тенти атаны куттуктап үйүнө барганда, «Менин эч жерим оорубайт, бирок туруп, басайын десем алым жок», - деп, менин жашыма жеткиле деп батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×