Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.05.2019 14:01

Караколдо шахмат аянтчасы ачылды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарындагы борбордук гүл бакчада шахмат сүйүүчүлөрү үчүн атайын аянтча ачылды, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге мэр А.Каниметов, ардагерлер, спортчулар, шаардык кеңештин депутаттары катышты. Аянтчага 10 шахмат столу коюлуп, эски оргуманын ордуна жасалды.

«Каракол шаарында шахмат сүйүүчүлөрү үчүн жакшы шарт түзүлдү. Бизде көптөгөн шахматчылар бар. Мисалы, Эржан Жакшылыков деген кичинекей спортчубуз шахмат боюнча көп ийгиликтерге жетишип жатат. Шахмат столдору мажүрүм бактын алдына орнотулду. Эс алууга дагы жакшы шарт түзүлдү», - деди шаар мэри А.Каниметов.

Иш-чарада жеңишке жетишкен 4 спортчуга, алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×