Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.05.2019 10:31

Куралдуу күчтөрүнүн ардагери М.Имаевге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында Улуттук гвардиянын Башкы штабынын мурдагы кол башчысы, Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Мирбек Имаевге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө М.Имаевдин өзүнүн кичи мекени болгон Ак-Дөбө айылына эстелик орнотууга жана танк алып келүүгө көмөктөшкөнү айтылды.

Куралдуу күчтөрүндө 20 жылдан ашуун эмгектенип, эс алууга чыккан М.Имаев жергиликтүү бийлик тарабынан мындай наамдын ыйгарылышы ага дем-күч бергенин белгиледи.

Жети-Өгүз райондо Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×