Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.05.2019 10:05

Тоң районундагы согуштун 4 ардагери сыйланды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда дагы Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ардагерлер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Э.Усенова, райондук администрациянын башчысы — аким Д.Арпачиев райондогу согуштун 4 ардагерин жана ооруктун эмгекчилерин куттуктап, белектерди тапшырышты.

Жеңиштин 74 жылдыгы «Өлбөс полк» жүрүшү жана аскердик парад менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×