Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.05.2019 15:03 Жаңыланды: 09.05.2019 17:04

Сүрөт — Чолпон-Ата шаарындагы «Өлбөс полк» жүрүшү

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Чолпон-Ата шаарында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алгач «Өлбөс полк» жүрүшү болуп, анда жергиликтүү тургундар согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн колуна кармап чыгышты. Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, окуучулар менен маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды. Катышуучуларды Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев куттукташты.

Ысык-Көл районунан согушка 4 миңден ашуун жоокер аттанып, анын ичинен 800 жоокер гана кайтып келген.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Токтомуратов согуштун ардагерлеринин жесирлерин жана ооруктун ардагерлерин үйлөрүнө барып куттукташты.

Учурда шаарда 10 ардагердин жесири жана ооруктун 5 ардагери бар. Шаардык бийлик алардын ар бирине 10000 сомдон акчалай жардам көрсөтүшүп, ыраазычылык билдирдишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×