Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.05.2019 11:47

Видео — Караколдо «Өлбөс полк» жүрүшү өттү

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Каракол шаарында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленип жатат.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алгач Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Жеңиш багына чейин «Өлбөс полк» жүрүшү болуп, катышуучулар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн колуна кармап чыгышты. Алардын катарында өкмөттүн облустагы өкүлү А.Осмоналиев дагы бар. Ал согушка кетип, дайынсыз болгон агасы Асан Осмоналиевдин сүрөтү менен чыккан.

Андан кийин Жеңиш багындагы Эркиндик эстелигине жана өчпөс отко гүлчамбарлар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге арналып куран окулду. Ошондой эле аза күтүү мүнөтү жарыяланып, аскердик залп атылды.

Иш-чарада өкүл Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов тургундарды Жеңиш майрамы менен куттукташты.

Жеңиш майрамы андан кийин борбордук аянтта улантылууда. Анда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган театралдаштырылган аскердик-патриоттук ырлар аткарылып, тургундарга фронттук ботко берилип жатат.

Коомдук коопсуздукту 300дөн ашык милиция кызматкери көзөмөлдөөдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×