Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.05.2019 09:26

Балыкчыда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылды

Turmush -  Балыкчы шаарында орозо айына карата аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой карыларга азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

«Балыкчы жаштар ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы Бакыт Аралбаевдин айтымында, азык-түлүктөр кайрымдуу адам тарабынан тапшырылган. Жардам 40 үй-бүлөгө берилди. Азык-түлүктөрдү алууга 20 миң сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×