Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 09.05.2019 09:01

Түптөгү кылым карыткан карыяга өкмөттүн өкүлү суусар тебетей кийгизди

Turmush -  Түп районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери 8-май күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин колунан сыйлык алды. Бул тууралуу Түп районунун акими Элчибек Жантаев билдирди.

Анын айтымында, өкүл А.Осмоналиев баш болгон топ ардагерлер Кадырбай Абдыкалыков, Иван Кухливский, Сабыр Жайылканов жана Тенти Тамашаев аталардын үйлөрүнө барышып, 9-майга карата белектерин беришип, маектешип кайтышты.

«Ыйгарымдуу өкүл кылым карыткан карыя Тенти Тамашаевге суусар тебетей кийгизип, чапан жапты. Ошону менен бирге ардагерлерге акимчилик жана райондогу банктардын филиалдары да Жеңиш күнүнө арналган белектерин тапшырышты», - деди Э.Жантаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×