Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 08.05.2019 18:30 На русском

Видео — Ысык-Көлдүн тургуну өзүнө өрт койду

Turmush -  Түп районунун Жылуу-Булак айылынын 40 жаштагы тургуну Нурлан Абдышев өзүнө өрт коюп, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучунун туугандары билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 6-майда болгон. Н.Абдышев денесине бензин чачып, өзүн өрттөгөн. Күйүп жатканда өрттү айыл тургундары өчүрүп калып, райондук ооруканага жеткиришкен.

Келинчеги Назгүл Эшимованын айтымында, жолдошу буга чейин талашка түшкөн 11 сотых жер маселеси боюнча акыйкат издеп, бир катар тийиштүү органдарга кайрылып келген. Бирок андан жыйынтык болгон эмес. Бул маселе көп жылдан бери чечилбей келгенине нааразы болгон жолдошу өлкөдө акыйкат жок экенин айтып, ошол күнү өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

Жабырлануучунун жакындары жер талашкан маселеге чекит коюп берүүнү өтүнүп, тийиштүү укук коргоо органдарына жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту.

Дарыгердин айтымында, бейтап денесинен 85% күйүк алган. Ал учурда жандандыруу бөлүмүндө.

Нурлан Абдышев 1977-жылы туулган, үч баланын атасы. Учурда келинчеги кош бойлуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×