Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.05.2019 14:10

Теплоключенка айылында кичи футбол боюнча муундар аралык мелдеш өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 4-майда кичи футбол боюнча муундар аралык «Ынтымак кубогу» болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, турнир 1980-жылы туулган айыл тургундары тарабынан уюштурулуп, ага 23 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду 1998-жылы туулган жигиттерден куралган команда, 2-орунду 1982-жылы туулган айыл тургундары жана 3-орунду 1990-жылкы жигиттер багындырышты.

Ал эми ардагерлер арасындагы мелдеште 1-орунду 1984-жылы туулган тургундардан куралган команда, 2-орунду ардагерлердин командасы ээлеп, 3-орунду 1980-жылкылар алышты.

Жеңүүчүлөр кубок, медалдар, дипломдор жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Уюштуруучулар тарабынан Теплоключенка айылындагы спорт залдарга жана аянтчаларга белектер берилди.

Эстафета айылдын 1981-жылы туулган тургундарына өткөрүлүп берилди. Кийинки турнир жай мезгилинде өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×