Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.05.2019 13:04 На русском

Кумтөр алтын кенинен жоголгон жүк ташуучу унаа табылды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кенинен жоголгон «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа табылды. Бул маалыматты облустук ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаа 7-майда саат 22:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Дархан айылынан тоонун арасынан табылып, РИИБге өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин өкүлдөрү жоголгон жүк ташуучу унаа табылганын ырастап, окуянын чоо-жайы кийинчерээк маалымдала турганын билдиришти.

Кийинчерээк маалым болгондой, 3-майда саат 23:00 чамасында «КамАЗ» унаасы ишкананын унаа токтотуучу жайына киргизилген. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жүк ташуучу унааны Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн инспекторлору — милициянын прапорщиги С.Үсөнбаев жана милициянын сержанты Тосорбек уулу К. тарабынан табылган. Жүк ташуучу унаа Жууку капчыгайындагы тоонун боорунан табылган.

Учурда унааны айдап кетүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×