Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.05.2019 12:13

Ысык-Көлдө ардагер офицерлердин жубайлары сыйланды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан 8 ардагердин жубайы ИИМдин «Офицердин аялы – таяныч, үмүт жана ишенич» медалы менен сыйланышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сыйлыктарды ОИИБдин жетекчиси Улан Асанбаев тапшырды. Ал кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ бекем жѳлѳк болуп, мекен үчүн ак кызмат кылууда, коомдук коопсуздукту камсыздоодо алардын салымы чоң экендигин айтты.

Ал эми медаль менен сыйланган Дамира Кадырбаева: «Биз Каракол шаарында жашайбыз. Жолдошум Жунушбек Тыныбеков 1981-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан. Учурда жаштарды тарбиялоого салым кошуп, ардагерлер кеңешин жетектейт. 3 балалуу болдук.

Кайын атам дагы милиция кызматкери болгон. Кайын инилерим дагы укук коргоо органдарында иштешет. Биз алар менен сыймыктанабыз. Милициянын жубайы болуп, ар кандай учурларда анын жанында жѳлѳк болуп, дем берип келдик. Бул сыйлык үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×