Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.05.2019 09:27

Түптө жаш инспекторлор жол коопсуздугу боюнча мелдешти

Turmush -  Түп районундагы В.Кайкин атындагы мектептин спорт залында 6 мектептин окуучулары — жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү катышкан мелдеш болуп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты. Бул тууралуу Түп райондук ЖККК бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору М.Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, жаш инспекторлор катарда туруу, басуу, жаш жөндөөчү, келечектеги айдоочу, агитбригада, дубал гезиттеринин сынагы жана «Жол белгилери өлкөсүндө» аттуу тесттен өтүү боюнча мелдешти.

Жыйынтыгында 36 упай алган В.Кайкин орто мектебинин «Сигнал» командасы биринчи орунду ээлеп, кубок жана Ысык-Көл облустук мелдешке жолдомо алды. 2-орунду 35 упай менен Карымшаков мектебинин (Знатоки) командасы ээлесе, К.Үсөнбеков атындагы мектебинин (Арбалет) командасы 34 упай менен 3-орунду ээлеп, кубок баш болгон байгелер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×