Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.05.2019 17:49 Жаңыланды: 07.05.2019 18:42 На русском

Жети-Өгүздө окуучу кызга сексуалдык ыпылас аракеттерди жасады делген адамды сабап салышты. Видео

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургун окуучу кызга сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасады деп шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 3-май күнү райондогу айылдардын биринде болгон. 1988-жылы туулган жергиликтүү тургун 6-класстын окуучусуна ыпылас аракеттерди жасаганы айтылууда. Кыз коркуп, үйүнө барганда жакындарына айткан. Андан улам кыздын жакындары ал адамды сабап салышкан.

Учурда эки факт тең Жети-Өгүз РИИБде каттоого алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү соттук эспертизалар дайындалды. Ал эми сабалган адам ооруканага түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×