Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.05.2019 13:26 На русском

Карындашын зордуктап жүргөн ага, өлүм менен аяктаган чыр: Тергөөчү Э.Шалбаеванын үрөй учурган окуялары (сүрөт)

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын каарманы — Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Элиза Шалбаева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Э.Шалбаева 1987-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. Каракол шаарындагы мектепти аяктагандан кийин 2005-жылы Россия Федерациясынын ИИМнин Санкт-Петербург шаарындагы университетинде билим алган. Студент кезинде окуу жайдагы иш-чараларга активдүү катышкан.

«Башында чет жерге барып, билим алуу оор болду. Кыргызстандан эки кыз барганбыз. Экөөбүз тең аракет кылып жүрүп, жакшы окуп кеттик. Студент кезибизде окуу жайдын гезитине макала даярдачубуз. Мага 5 студент жардам берчү. Бир жолу ички иштер органдарында иштеген мусулман айымдар тууралуу макала жаздым. Ага милиция тармагында иштеген айымдардын турмушун камтыган элем. Ал көпчүлүккө жагып, талкууга алынды. Анткени ислам дини кеңири жайылган өлкөдө мусулман аялдар үйдө гана отурат деген түшүнүк калыптанып калган экен. Бул аракетибиз үчүн курсант кезде эле сержант наамын алдык. Ошол учурда сержант погонун тагынуу эң чоң сыймык болгон эле», - дейт Э.Шалбаева.

Ал окууну аяктагандан кийин 2010-жылы Каракол шаарына келип, жергиликтүү милиция кызматына тергөөчү болуп ишке орношкон. 2013-жылы Руслан аттуу жигитке турмушка чыккан. Ал кесиби боюнча юрист, учурда жеке ишкерчилик менен алектенет.

«Формачан кыздарга жигиттердин көпчүлүгү сөз айтууга даап бара алышпайт. Жолдошум чечкиндүү, тартынбаган, эр жүрөк болгондуктан мени менен бат эле таанышып алды. Сүйлөшүп жүрүп, кийин баш коштук. Учурда бир уул жана эки кыздын ата-энеси болдук. Негизи ишти жана үй-бүлөнү бирдей алып кетүү күчтүү аялдын гана колунан келет деп эсептейм. Мен иштен чыккандан кийин үйгө барып, жолдошум келгиче тамак-аш даярдап, күтүп алууга аракет кылам. Жолдошум дагы менин ишимди туура түшүнүү менен кабыл алат», - деди ал.

Элиза Шалбаева үй-бүлөдө 4 бир тууган.

«Атам аскер адамы болууну самап, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бул кыялы орундалбай калган экен. Биз үй-бүлөдө 4 бир тууган болсок, баарыбыз тең аскер адамы болдук. Күч түзүмдөрүнүн ар кайсы тармагында иштедик. Атам бизди көрүп, «балдарым мекенге кызмат кылууда» деп абдан сыймыктанчу», - дейт ал.

Э.Шалбаева тергөөчү болуп иштеп жүрүп, көп окуяларга күбө болгонун жана оор кылмыштарды тергегенин айтат.

«Бир жолу 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти тергедим. Окуя мындай болуптур: көчөдө өспүрүм бала кичинекей кызды катуу сабап келе жатканын бир аял көрүп калган экен. Кыз ошондо аялдан жардам сураптыр. Ал кызды сооротуп, үйүнө киргизип, окуянын чоо-жайын тактаптыр. Көрсө, сабаган бала кыздын агасы экен. Ал жарым жылдан бери кызды зордуктап жүрүптүр. Бул окуяны эч кимге айтпа деп, кызды коркутуп, сабаган экен. Ал аялдын жолдошу дагы милиционер болгондуктан бизге чакыруу түшүп, окуя болгон жерге барганбыз.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кыздын ата-энеси ажырашып, уулун атасы, кызды апасы алганы маалым болду. Апасы каза болуп калгандыктан кыз тайларынын колунда тарбияланып жатыптыр. Кийин атасы кызын өзүнүн жанына алган.

Мындай окуя атасына оор тийип, катуу кайгырып жүрдү. Жабырлануучу жана айыпталуучу дагы бир адамдын балдары болгондуктан тергөө иштери оор болду. Тергөө учурунда эки тарап элдешип, кайра бизге каршы чыккан учурлар дагы болду. Ошентсе дагы ишти аягына чейин тергеп, сотко өткөрдүм», - дейт милициянын капитаны.

Ошондой эле ал үй-бүлөдөгү чыр-чатак өлүм менен аяктаганы зээнди кейите турганын айтат.

«Адам өлтүрүүгө байланыштуу иштерди дагы тергеген учурлар болот. Бир жолу мындай учур болду. Жарандык никедеги аялы менен күйөөсү урушуп жатып, жолдошу аялын өлтүрүп алган экен. Аны төшөккө жаткырып, үстүн жаап кетип калыптыр. Аялдын жансыз денесин кошуналары табышыптыр. Биз барсак үйдүн ичи жаман жыттанып, болбой калган экен. Ал аялдын кичинекей балдары жетим калганын көрүп, эне катары абдан жаман болгом. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар өлүм менен аяктаганы зээнди кейитет», - дейт тергөөчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×