Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.05.2019 12:34

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун директору «Центерра Голд Инк.» компаниясынын вице-президенти менен жолукту (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун директору Тойгоналиев Алдаярбек Станбековичтин жетекчилиги астында «Центерра Голд Инк.» компаниясынын вице-президенти Кевин Д'Суза менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап фонддун Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө кошкон салымы, ишмердүүлүгү, курулуп жаткан объектилердин сапатын көзөмөлдөө жана курулуш иштериндеги жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча, ошондой эле эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Фонддун директору Алдаярбек Тойгоналиев «Кумтөр» тарабынан бөлүнгөн акча каражатына облустун бир катар социалдык жана экономикалык көйгөйлөрү чечилип, калктын сапаттуу жашоосуна оң таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи. Ошондой эле фонддун ишмердүүлүгү социалдык курулуштар менен чектелбестен, жакынкы күндөрү киреше алып келүүчү жана ишкердик багытындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде «Центерра Голд Инк.» компаниясынын вице-президенти Кевин Д'Суза Ысык-Көл өнүктүрүү фонду «Кумтөрдүн» бирден бир бөлүгү катары Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу, эки тараптуу тажрыйба алмашуу жана биргеликте облустун өнүгүүсүнө салым кошуу боюнча макулдашуулар болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×