Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.05.2019 11:36

Сүрөт — Ысык-Көлдө дары чөптөрдүн фестивалы өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда эс алуу күндөрү дары чөптөрдүн фестивалы өткөрүлдү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, фестиваль көп жылдан бери дары чөптөрдү өстүрүү менен алектенген «Арашан» кооперативи тарабынан уюштурулган.

Фестивалда адистер мастер-класстарды өткөрүшүп, чөп чайлардын өзгөчөлүктөрүн айтып беришти. Конокторго колго жасалган чайлардын түрдүү сортторунан даам татып көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Кооперативдин жетекчиси Камчыбек Үмөталиевдин айтымында, дары чөптөрдү кайра иштеп чыгуу аймактын өнөр жай жана туризм тармагынын өсүшүнө салым кошот.

«Атайын окуу долбоорунун негизинде Кыргызстандын делегациясы Словенияда болуп, алардын тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болду. Окуунун алкагында бир нече дары чөптөрдү алып келдик», - деди ал.

Фестиваль Ысык-Көлдө өскөн дары чөптөрдү популяризациялоо, аларды иштеп чыгууга инвестиция тартуу, аймактын туризм тармагын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×