Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.05.2019 10:50

Жети-Өгүздүн Саруу айыл аймагынын башчысын шайлоо кайра өткөрүлөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында 6-майда айыл аймактын башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл аймак башчылыкка эки адам талапкерлигин көрсөтүшкөн. Алардын бири — мурда айыл аймак башчысы болгон Алмаз Чыныбаев, экинчиси — Жыргалбек Абдраев.

Шайлоого айылдык кеңештеги 21 депутаттын баары катышып, алардын үчөө эки талапкерге каршы добуш беришкен. Жыйынтыгында эки талапкер 9дан добушка ээ болуп, шайлоо кийинкиге жылдырылды.

Буга чейин Саруу айыл аймагынын башчысы Д.Абдрахманов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматынан кеткен. Эми Жети-Өгүз районунун Саруу жана Барскоон айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×