Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.05.2019 15:16

Ысык-Көлдө волейбол боюнча облустук турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 4-майда белгилүү инсан Кулуке Ибраевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча облустук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Жети-Өгүз жана Тоң райондорунан куралган жалпы 15ке жакын команда катышты. Жыйынтыгында 4-орунду «Дархан» командасы ээлеп, 100 доллар менен сыйланды.

3-орунду «Барскоон» командасы алып, кубок, медаль, диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунду багындырган «Кичи-Жаргылчак» командасы кубок, медаль, диплом жана 20 миң сом менен сыйланды. Ал эми 1-орунду ээлеген Тоң районундагы Эшперов айылынын «Бүркүт» командасы кубок, медаль, диплом жана 30 миң сом алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×