Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.05.2019 15:01

Балыкчынын спортчулары таэквон-до боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат

Turmush -  Балыкчы шаарындагы спортчулар таэквон-до боюнча Кыргызстандын 29-чемпионатына катышып, командалык эсепте үчүнчү орунду алып келишти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук таэквон-до федерациясынын президенти Бактыбек Култашев билдирди.

Анын маалыматына караганда, чемпионаттын жыйынтыгында 1-орунду казакстандык спортчулар, 2-орунду Токмок шаарынын командалары ээлешти. Балыкчыдан 27 спортчу катышып, көбү алдыңкы орундарды алышкан.

«Чемпионатта Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын таэквон-дочулары күч сынашты. Беттешке 6 жаштан 35 жашка чейинки 300гө чукул спортчу катышып, алар 25-105 килограмм салмакта күч сынашты. Жыйынтыгында Ч.Айтматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Азирет Идирисов абсолюттук чемпиондукту багындырып, спарринг, формалдык комплекс боюнча алтын медалдарды алып келди. Ошондой эле Нурадил Эдилбеков формалдык комплекс жана спарринг боюнча коло медалга, №4 гимназия мектебинин окуучусу Данияр Кубанычбеков формалдык комплекс боюнча алтын жана коло медалга, К.Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Султан Бактыбеков спарринг боюнча күмүш медалга ээ болду.

Мындан тышкары, №4 гимназия мектебинин окуучулары Мирбек Нурланбеков, Нурлан Нурланбеков формалдык комплекс боюнча алтын жана массоги боюнча коло медаль, К.Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Сапарбек Асанов массоги боюнча күмүш медаль, №4 гимназия мектебинин окуучусу Темирлан Саматов массоги боюнча коло, формалдык комлекс боюнча алтын медаль, Тагай Өмүрбаев, Туратбеков Акбар формалдык комплекс боюнча коло медаль багындырышты.

Ушул эле гимназиянын окуучусу Рысбек Исаев массоги боюнча коло медаль, Эльдар Искендербеков массоги боюнча коло, Нурболот Кадырбеков массоги боюнча коло медаль, Данил Блинков чоңдор арасында алтын жана коло медалга, Умар Самудинов массоги боюнча алтын медалга, Дарья Гусь коло медалга ээ болушту. Таэквон-до боюнча Кыргызстандын курама командасына жеңүүчү болуп табылган Балыкчы шаарынын балдары дагы алынып, алар Хорватияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка барышат», - деди Б.Култашев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×