Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.05.2019 09:10

Жети-Өгүздөгү Барскоон айыл өкмөтүнө жаңы башчы келет

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 22-майда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Барскоон айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Р.Эшмамбетов өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде акимдин 30-апрелдеги буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүүгө милдеттүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×