Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТоң району 04.05.2019 13:37

Тоңдун Бөкөнбаев айылында манасчы С.Каралаевдин 125 жылдыгына карата концерт өттү

Turmush -  Бүгүн, 4-майда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата «Күүлөнсө майтарылбас канаттары, Тоң эли тосуп ал Ак-Өлөңдөн чыккан таланттарды» деген концерт өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, концертке Ак-Өлөң айылынан чыккан таланттар — скрипач Эрнист Асаналиев, композитор Качкын Абдыкадыпов, манасчы Калыбек уулу Нурбек, эстрада ырчысы Замир Арыкбаев жана башкалар катышты. Тоң районунун акими Данияр Арпачиев сөз сүйлөп, Кыдырбаев Шайымбек, Асаналиев Эрнис жана Калыбек уулу Нурбекке «Тоң районунун ардактуу атуулу» наамын тапшырды.

Бул концерт бүгүн Ак-Өлөң айылында улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×